Афгандык "Месси" эсиңердеби? Анын үй-бүлөсүнө коркунуч жаралууда. Видео

Жазылуу
2016-жылы афганистандык кичинекей бала желим баштыктан жасалып, Мессинин аты жазылган футболканы кийип топ тээп жүргөн сүрөтү интернет айдыңына жайылып кеткенден кийин дүйнөгө таанылган.

Андан соң кичинекей күйөрманы менен футболчу өзү кезигип, футболка менен топ белек кылган. Көрсө, муну радикалдар көңүл сыртында калтырбаптыр.

Юный фанат Месси из Афганистана Муртаза - Sputnik Кыргызстан
"Афгандык Месси". Кичинекей Муртазанын эки жылдан берки жашоосу кандай өзгөрдү
Учурда анын үй-бүлөсү коркунучка кептелип жатат. Негизи эле этникалык хазарларды талибандар кысымга алып келет. Эми жети жашар Муртаза Ахмади аларга бута болуп калды. Мунун айынан үй-бүлө жер которуп көчүп-конуп жүрөт.

Ушул жылдын башында Sputnik Афганистан анын үй-бүлөсү Жагури (Афганистан) уездинен кетип, Пакистанда жашап жүргөнүн жазган. Кийин сегиз балалуу үй-бүлө бөтөн аймакта жашай албай, кайра туулган жерине көчүп келген.

Учурда анын атасы Мохаммад Ареф балдары мектепке бара албай жатканына тынчсызданууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0