Иштен кеткеним үчүн 1 млн. сом алдым. Атбашылык аксакал жөнүндө репортаж

Жазылуу
Атбашылык бухгалтердин окуясы көпчүлүктү таң калтырууда. Ал жумуштан кетип жатканда мамлекеттен бир миллион сом өндүрүп алып, кемпирине шуба жана баласына эки бөлмөлүү батир сатып берген. Кантип дейсизби? Sputnik Кыргызстан агенттиги мунун чоо-жайын билип келди.

Замир Ыдырысов Нарын облусунун Ат-Башы районунда 47 жылдан бери бухгалтер болуп иштеген. Анын 16 жылын Чумага каршы республикалык борбордун райондук бөлүмүндө, 10 жылын Аскер комиссариатында жана 21 жылын райондук казына бөлүмүндө өткөргөн. Аягында мамлекеттик кыскартууга кабылып жумуштан бошогон.

Албетте, тажрыйбалуу бухгалтер жөн эле кетип калган эмес, баратып иштеген жеринен миллион сом өндүрүп алды. Ал штаттык кыскартуу болорун уккандан кийин мыйзамдарды казып, пайдалуу жерин таап чыгат да өз эрки менен кетүүнү чечет.

Көрсө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жөнүндөгү мыйзамдын компенсациялык төлөмдөр деген бөлүгүндө "кыскартуу болгон мекемесинде канча жыл иштесе, орточо айлыгы ошого көбөйтүлөт" деген пункту бар экен.

"Орточо айлыгым 26 800 сом, аны 21ге көбөйтсөм 570 миңдей болот экен. Компенсация болгондон кийин андан киреше салыгына, Соцфондуга акча кармалбайт. Андан башка тоолуу аймакта иштегендер кызматтан кеткенде 4 айлык компенсация төлөнөт. Мындан сырткары, 11 айлык колдонулбай калган эмгек өргүүм бар эле. Эмгек өргүү маалында ден соолукту чыңдоо үчүн жана материалдык жардам деп эки айлык акча чегерилет. Кыскартуу менен кеткен үчүн кайра дагы төрт ай маяна аласың. Ошентип баары кошулуп баш-аягы бир миллион сомго чукулдады", — деп түшүндүрүп берди Ыдырысов.

Кызыгы, эгер ал ошондо кыскартуу менен кетпесе, беш айдан кийин көп акчадан кур калмак. Анткени 65 жаштан жогоркулардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө жол берилбейт. Үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамота менен сыйланып, аз өлчөмдөгү компенсация алып кете бермек.

Аспирантурада окуган 80 жаштагы Төлөгөн ата диссертация жактайм деп турат - Sputnik Кыргызстан
Аспирантурада окуган 80 жаштагы Төлөгөн ата диссертация жактайм деп турат
"Оптималдаштыруу көбүнчө пенсионерлерге таасир этет деп буйрук чыккан. Пенсияга чыкканыма 10 жыл болгон. Анан баарын эсептеп чыктым да "эч ким капа болбосун, мен эле кетем" дедим. Так иштеп түз жүрсөң, баарына жагат экенсиң. Жетекчим Камчыбек Исаев "мен министрлик менен сүйлөшүп алып калайын, жаш балдарды кыскартып, аларга башка жумуш таап берели" деди. Ага иштин чоо-жайын түшүндүрүп берсем, "сиздики туура экен" деп калды", — деди Ыдырысов.

Ошентип дасыккан бухгалтер 2017-жылдын 16-январында иш орду менен коштошот. Көпкө созуктурбай эле компенсациясы колуна тийип, бапырап отуруп калышкан. Кубанган аксакал анан кемпирин ээрчитип алып борборго жөнөйт.

"Ушул кемпиримден агарып-көгөрүп атам, мал-жанды сатып болсо да кийим-кече алып берейин деген ниетим бар болчу. Айылдан Бишкекке келгенге чейин унчукпадым, анан балдарыма айтып, баарыбыз "Дордой" базарына бардык. 81 миң сомго шуба, 20 миңге ага жараша турган норка тумак, көйнөк, күрмө, майда-чүйдөсүнө чейин сатып бердим. Мурда шубасы бар болчу, бирок жасалма эле да, тазасынан сатып берейин дедим. Өзүмө бир костюм-шым, дагы бир сыйра кийим алдым, неберелеримди кийинттим, ошентип 120 миң сомдой кетти. ", — деп жылмаюу менен айтып берди.

Анара Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекция кандай тосуп алды? Видео - Sputnik Кыргызстан
Анара Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекция кандай тосуп алды? Видео
Замир Ыдырысов байбичеси Калипа Касымова экөө бирге түтүн булатып жашаганына 42 жыл болду. Үч уул, үч кызды тарбиялап, эрезеге жеткирген. Сөз ортосунда ал жаштыгын да эстеп кетти… Жубайлар төрт жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Аскерде жүргөндө да кат алышып турушчу экен. Кызмат өтөп келгенден кийин сүйгөн кызына жолукса, башкалар алып качам деп жатканын айтат. Анан ал чыйпылыктап ата-эне, жеңелерине айтып үйүнө алып барып, үйлөнүп алыптыр.

Замир ата компенсациянын күчү менен Бишкектен 2,5 миллион сомго эки бөлмөлүү батир алган. Ал кийим-кечеден арткан акчаны баштапкы төлөм катары берген, калганын үч жылдын ичинде бөлүп төлөп турарын айтат. Учурда ал үйүндө эң кичүү баласынын бүлөсү менен чогуу жашоодо. Шаардан тажаганда айылга да барып мал-жан менен алектенерин айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0