Атамбаевдин тарапташтары менен каршылаштары жаңжалдаша кетти. Видео

Жазылуу
Бишкекте маалымат жыйынга келген КСДПнын мурунку мүчөлөрү жаңжалдаша кетти. Алар бири-бирине акарат келтирип, жулкулдашканга чейин барышкан.

Встреча председателя СДПК Алмазбека Атамбаева с депутатами ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева: "Атамбаевсиз КСДП" жыйындарынын артында чоң күчтөр турат
Маалымат жыйынды "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы уюштурган. Анын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу керектигин айтканда ызы-чуу чыккан. Залда отурган айрым адамдар КСДПнын өкүлдөрү экенин айтып, Абдрахмановго акарат келтиришкен. Жаңжалдашкандарды күзөтчүлөр арачалап залдан чыгарып салды.

Уруштун видеосун Next TV каналы өздүк баракчасына жүктөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0