Санкт-Петербургда Жээнбековду кантип тосуп алышты? Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп барды.

Мамлекет башчыны Санкт-Петербург шаарынын вице-губернатору Александр Говорунов менен калаанын Тышкы байланыш боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев тосуп алды. Жыйындын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдө жолугат. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө мамлекет башчылары "Щелкунчик" балетин көрөт.

7-декабрда мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0