Ажалы жок экен! АКШда крокодилдер турган көлмөгө кулап түшкөн киши аман калды

Жазылуу
Орландо шаарынын (АКШ, Флорида штаты) жашоочусу Майкл Уомер крокодилдер жүргөн көлмөгө кулап түшүп, аман калды.

Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ: мэр жылкысын жеп кеткен аллигаторду атып салды
Анын кулап түшкөн видеосун Caters Clips басылмасы YouTube каналына жарыялады.

Видеодо эркек киши көлмөдө жүргөн крокодилдердин үстүнөн жип менен секирип өтүүгө аракет кылып, бирок жип анын салмагын көтөрө албай үзүлүп кеткенин көрүүгө болот. Ал крокодилдер тобу менен жүргөн көлмөнүн ортосуна түшүп калган. Дал ушул жеринен видео бүтүп калат.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, Уомер бир өлүмдөн калган. Ал кандай жаракат алганы тууралуу кабар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0