Топтой эле учту го! Бразилияда бука ковбойду ыргыта сүзгөн видео

Жазылуу
Бразилияда родео учурунда каарданган бука ыргыта сүзгөн ковбой, кудай сактап, жаракат алган жок.

The Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, окуя Сан-Паулу шаарындагы родео фестивалында болду.

Кадрларда көрүнүп тургандай, кыжырланган жаныбар минип турган кишини оодарып салып, жанындагы адамдарга кол сала баштайт. Ошол маалда бирөөнү мүйүзү менен челип алып асманга ыргытат. Төрт метрге чейин учуп барган ковбой аягында элдин арасына кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0