Жалал-Абаддагы абактагылар кийим тигип, сүрөт тартып... Саамалык

Жазылуу
Учурда мекемеге 9 тигүү машинасы коюлуп, айыпкерлер кийим-кече тигип жатат.

Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинде пробация (түзөтүү) борбору ачылды. Бул тууралуу ЖАМКтын төрагасы Таалайбек Жапаров борбордун ачылуу иш-чарасында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мекемедеги жазасын өтөп жаткан жарандар атайын окутуулардан өтүп башташты. Адистер тигүүчүлүк менен сүрөт тартуу өнөрү боюнча сабак берүүдө.

"Азыр жазасын өтөп жаткандардын айрымдары тигүүчүлүктү өздөштүрүп жатышат. Максатыбыз — жазасын өтөөчүлөрдү иш менен камсыздап, мөөнөтү аяктап мекемеден чыккандан кийин кайра бул жайга кайтып келбеши үчүн даярдоо, башкача айтканда түзөтүү", — деди Жапаров.

Учурда мекемеге кийим тиккен 9 тигүү машинасы коюлган. Бул өнөргө кызыккандар менен кошо мунапыска илинип, жакынкы арада бошотулуучу жарандарга кийим тигүү үйрөтүлө баштаган.

Мөөнөтүн өтөп жаткандардын бири чеберчиликти өздөштүрүп, бир жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип жаткандыгын билдирди.

"Азыр шейшеп тигүү үчүн кездемелерди бычабыз. Кийимдердин түрлөрүн тигип баштадык. Азырынча маяна берилбейт. Бул боюнча кабарыбыз жок", — деди ал.

ЖАМКнын төрагасы Таалайбек Жапаров мамлекеттик "Келечек" ишканасы менен биргеликте иш жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

Ал белгилегендей, мындагылардын колунан жаралган буюмдар сатылып, келечекте аларга айлык маяна чегерүү маселеси каралып жатат. "Келечек" ишканасы тигилген кийимдерди сатып, ал каражатка кездемелерди алып берүүнү колго алды.

ЖАМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК жаңы кызматкер издейт. Кандай адистер керек?
Мындан сырткары, абактагылар үчүн пробациялык борбордо сүрөт тартууга кызыккандар үчүн да атайын бөлүм бар. Учурда үч айыпкер сүрөт тартуу боюнча адистен сабак алууда.

Жазасын өтөп жаткандардын бири бул жайга келгенге чейин мектептердин биринде сүрөт сабагынан мугалим экендигин айтат. Ичкиликтин айынан бул жайга келүүгө дуушар болгон.

Жабык жайдагы реабилитациалык борборлордун ачылуусу чет өлкөлүк донорлордун каржылоосу менен ишке ашырылууда. Пробация институту башка өлкөлөрдө жайылтылган. Ал эми Кыргызстанда бул долбоор алгачкы жолу ишке ашырылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0