Каракол: өрт чыккан үйгө суусу жок келген өрт өчүрүүчүлөр, тамсыз калган үй-бүлө

Жазылуу
Каракол шаарындагы Масанчи көчөсүндө жайгашкан үйдө таңкы саат 4тө өрт чыгып, тилсиз жоо турак жайды толугу менен жалмап кетти.

Каракол шаарында өрттөнгөн үйгө өрт өчүрүүчү унаа суусу жок келгенин айтып, окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp аркылуу окуянын видеосун жиберген.

3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! Ош базарындагы сатуучулардын арыз-муңу - Sputnik Кыргызстан
3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! "Ош" базарындагы сатуучулардын арыз-муңу
Видеодо шлангдан суу атырылып чыкпай, жылжып акканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеого тартып жаткан адам өрт өчүрүүчүлөрдүн биринен эмнеге суусу жок келгенин сураганда, ал себебин билбестигин, бул суроо менен айдоочуга кайрылуу керектигин айтат.

Кийин үй ээси Эркин Текешовдун уулу Азат Эркинов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, видеодогу экинчи унаа экенин, "биринчи келгени суусу чыкпай ары жылып кеткенин" айтты.

"Экинчисинин шлангына бир нерсе тыгылып тургандай болуп, суу чыкпай жатканынан баарылап чапкылап көрсөк, таш тыгылып калыптыр. Аны чыгаргандан кийин гана суу атырыла баштады. Бирок ошол аралыкта көп убакыт өтүп кетип, өрт күчөдү. Үчүнчү унааны Ак-Суу районунан чакырткандыктан, ал бир саатка чукул убакытта келди. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде ашканасы эле күйүп жаткан үйүбүз толугу менен өрттөнүп кетти. Экинчи топтогу майып ата-энем жана инилерим менен көчөдө калдык. Негизи эле өрт өчүрүүчүлөрдүн көп шаймандары эчак иштен чыгып, жарабай калыптыр", — деди Эркинов.

Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актөбөдө элдин чөбүн өрттөгөн киши кийинки адамга кат таштап кетүүдө
Маалыматка караганда, ӨКМдин өрт өчүрүү кызматынын Каракол шаарындагы бөлүмүнүн жетекчилиги эртеси жергиликтүү журналисттердин коштоосунда барган жабырлануучу менен сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Окуянын чоо-жайын белүү үчүн редакция ӨКМге кайрылды.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, видеодо көрсөтүлгөн өрт кырсыгы 22-ноябрь түнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгон.

Саат 4.10до шаардын өрткө каршы кызматына чакыруу түшкөн. Саат 4.11 жана 4.24тө окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа жиберилген.

"Биринчи топ окуя болгон жерге 4.23тө жеткенде үйдүн экинчи кабатындагы балкон жана биринчи кабаттагы кире бериш менен времянканын чатыры күйүп жаткан. Шаймандарды даярдоо учурунда техникалык көйгөйлөр жаралып, унаа сууну жетиштүү чачырата алган эмес. Бирок маселе 5 мүнөттүн ичинде чечилип, өрттү өчүрүү иштери башталган", — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда чыккан өрттөрдүн себептери жана кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Үйдөгү мештен өрт чыкпашы үчүн аны кандай колдонуу керек
Тилсиз жоонун мизин кайтарууга эки унаанын алы жатпей калгандыктан, саат 5.04тө үчүнчү унаа жардамга чакырылганы айтылат. Ошентип өрт саат алтыда чектелип, 7.48де толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМден билдиришкендей, от электр жабдууларын колдонуу техникаларынын бузулушунан тутанып кеткен. Ал эми өрттүн тез күч алып кетишине бат күйө турган желим, пенопласт, жыгач сыяктуу курулуш материалдары себеп болгону кошумчаланды.

Тилсиз жоо жалпысынан канча аянтты жалмаганы айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0