16:34 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8159
  • EUR77.6004
  • RUB1.0582
Видео

Бишкекте айдоочу унааны эвакуациялоо маалында инспектор менен жакалаша кетти. Видео

Кыскача шилтеме алуу
70102
© Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу

Окуя бүгүн, 28-ноябрда, Ибраимов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкекте автоунааны эвакуациялоо учурунда айдоочу менен автоинспектор жакалаша кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирип, окуянын видеосун WhatsApp канал аркылуу жиберди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 28-ноябрда, Ибраимов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа туура эмес жерге токтотулгандыгына байланыштуу автону эвакуациялоо аракети көрүлгөн.

Күбө билдиргендей, айдоочу унааны "алып кетпегиле" деп өтүнгөн. Эвакуатор кызматынын өкүлдөрү макул болбой койгондуктан ортодо чыр чыккан. Бирок унаа акыры эвакуацияланган эмес.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы туура эмес жерге токтотулган унааны ээси жок учурда гана эвакуациялоого болорун айтышты. Унаа ээси 1000 сом айып пул, эвакуатордун кызматы үчүн 1350 сом төлөшү керек. Эгер айдоочу автонун жанында болсо протокол түзүп, айып пулду төлөтүү үчүн айдоочулук күбөлүгү алынат.

Тема боюнча

Саркулов: унааңызды эвакуатор алып кетсе 2370 сом төлөшүңүз керек
Белгилер:
айдоочу, инспектор, эвакуатор, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ