Бир да аялга жолобойм! Өлгөн сүйүктүүсүнө үйлөнгөн жигиттин видеосу

© AFP / ROBERTO SCHMIDTСвадьбы в Нью-Дели
Свадьбы в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз-жигит бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүрүп, жакында үйлөнүү тоюн өткөрүү максатында болгонун айтты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Индияда адаттан тыш окуя болуп, 24 жаштагы жигит сүйгөн кызына өлгөндөн кийин үйлөнүп, селкинин сөөгүнүн алдында дүйнөдөн так өтөм деп ант берген. Маалыматты The Mirror басылмасы жазган.

Ал эми окуянын видеосун Youtube жарыялады.

Билдирүүдө кыз автокырсыктан көз жумгандыгы айтылат.

Таиландда үлпөт көйнөкчөн колуктулардын жарышка түшкөн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Таиландда үлпөт көйнөкчөн колуктулардын жарышка түшкөн видеосу
Жигит жергиликтүү элдин салтына ылайык, үйлөнгөндөргө тиешелүү ырымдарды жасаган. Кыздын башына синдур боегун сээп, чекесин майлап, өмүрүнүн аягына чейин эч бир аялга жолобой тургандыгын айтып, касам ичкен.

Кызды акыркы сапарга узатуу тажыясына келгендер мындай көрүнүшкө таңгалуу менен карап, кээ бирлери телефон аппаратына тартып алган. Ал эми уландын энеси көз жашын тыя албай, уулун ниетинен баш тарттырууга аракет кылып жаткандыгын көрүүгө болот.

Кыз-жигит бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүрүп, жакында үйлөнүү тоюн өткөрүү максатында болгонун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0