Бишкекте мас болгон кыз түнкү клубдун администраторун сабап салды. Видео

Жазылуу
Мас абалындагы кыз менен администратордун ортосундагы ызы-чуу ишемби күнү, 26-ноябрда, таңкы саат 05.00дөр чамасында болгон.

Борбор калаадагы түнкү клубдардын биринде мас болгон кыз чуу чыгарган, аны тынчтандырууга аракет жасашканда клубдун администраторуна асылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.

Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда мушташ чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда мушташ чыкты. Видео
Окуя 25-ноябрь күнү эртең мененки саат 05.00дөр чамасында болуп, видео байкоого түшүп калган. Кадрдан мас абалындагы кызды кишилер тынчтандырууга аракет жасап жатканын көрүүгө болот. Бир нече ирмемдерден кийин мас кыз башка кызга асылып, чачын жулуп, ургулаган. Жабырлануучу клубдун администратору экени белгилүү болду.

Бишкек ШИИББ түнкү клубдун администрациясы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырганын, алар мас кызды милицияга жеткиргенин маалымдады. Факт Ленин райондук ИИБде каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0