Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео

Жазылуу
Бишкектин Логвиненко көчөсүндө жайгашкан медициналык колледждин жатаканасынын дубалына Бурулай Турдали кызынын портрети тартылды.

Эмгектин автору — Сергей Келлер менен DOXA Art-group чыгармачылык тобу. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздын сүрөтүн тартууга беш күн кетип, аны "Аялдарды колдоо борбору" демилгелеген.

Турдали Кожоналиев, отец убитой в здании РОВД Жайыльского района девушки по имени Бурулай - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын атасы Кожоналиев: качанкыга чейин мансаптуулар бизди басмырлайт?!
Бурулай Турдали кызы ала качуунун курмандыгы болгон. 19 жашар кыз медициналык колледжде билим алчу. Атасынын айтымында, ал өтө аракетчил, токтоо мүнөз эле. Кичинесинен дарыгер болууну кыялданган Бурулай окууга өз күчү менен өтүптүр.

Каргашалуу окуя ушул жылдын 27-майында катталып, 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп, андан соң өз өмүрүнө кол салган.

Маркумдун өлүмү боюнча сот иши азыркыга чейин уланууда. Бүгүн кылмышка шектүү кишинин жакындары менен Бурулайдын туугандары ортосунда сот залында мушташ чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0