Чатырга тоңгон муз аялдын башына түшкөн. Жаңы видео

Жазылуу
Аял окуя болгон жерден каза тапкан. Ал коңшу үйдө жашачу.

Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чикагодо имараттагы лифт кишилери менен 95-кабаттан түшүп кетти
Тоңгон муз 60 жаштагы аялдын башына түшүп өмүрүн алды. Кырсык видеого түшүп калган. Окуя Алматы шаарындагы Бостандык аймагында кечээ, 20-ноябрда, саат 13.45тер чамасында болгон. Муз көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулаган.

Кадрдан аял унаадан чыгып имаратка жакындаганда муз башына түшкөнүн көрүүгө болот. Анын жанынан өтүп бараткан аял коркконунан качып кеткен. Бир нече секунддан кийин унаадан киши чуркап чыгып бирөөлөргө телефон чала баштаган.

Полициянын маалыматына караганда, аял окуя болгон жерден көз жумган. Маркумдун тек-жайы такталды. Ал коңшу үйдө жашап келген. Окуя азырынча кокустук катары каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0