Түнкү клубда өлгөн студенттин атасы: уулумдун каза болгонун досунан уктум. Видео

Жазылуу
Бишкекте түнкү клубдагы мушташтан кийин көз жумган студенттин ата-энеси уулу тууралуу айтып берди.

Азим Нурлан уулу кичинесинен эле досторунан лидерлик сапаттары менен айырмаланып, ар дайым адилеттүүлүккө умтулган бала болгон экен.

Атасы Нурлан Ибрагимовдун айтымында, Азим ноябрда 18 жашка толмок. Ал үч бир туугандын ортончусу эле, эжеси жана алты жашар иниси бар.

"Аябай боорукер бала болчу, достору, жакындарынан жардамын аячу эмес. Бакчага барып жүргөндө тарбиячылары "Азим группаны тынчыта алат, баары аны угат" деп макташчу. Мектепте дагы бул сапаттары калган жок", — деди Ибрагимов.

Үй-бүлө уулун жоготкон каргашалуу түндү эстегенде жашка муунуп, дүйнөсү тарып кетет. Түнкү саат экилер чамасында бирөө дарбазаны каккылап, үй ээси чыкканча эле тосмону аттап короого кирип келет. Көрсө ал Азимдин досу экен. Аны алып үйлөгүлөр алгач Октябрь РИИБине, андан соң окуя болгон түнкү клубга барышат.

"Ал жерде көп киши чогулуп калыптыр. Унаадан түшүп ары басып, жерде жаткан уулумду көрдүм. Көйнөгүнүн көкүрөгүн жагжайтып ачып салышыптыр. Үшүп калат, жаап койгулачы деп суранып жаттым. Бирок мени эч ким уккан жок. Бир маалда достору келип Азимдин сөөгүн адистер тектешип жатканын айтып, көңүл айтышты. Ошол маалда апасы тизелеп жыгылган бойдон ыйлай баштады", — деп эскерет уулунан ажыраган ата.

Апасы Азада Ибрагимова ушул убакка чейин өзүнө келе элек. Болгону баласынын өлүмүнө күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алуусу керектигин айтып отурат. Анын пикиринде, кармалган өспүрүмдөрдүн туугандары баш коргоо чарасын өзгөрттүрүп, аларды үй камагына чыгарып алууга аракет кылып жатышат.

Түнкү клубда каза болгон студенттин мушташы видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Түнкү клубда каза болгон студенттин мушташы видеого түшүп калган
Азада Ибрагимова эми уулун сүрөттөрдөн гана көрүп, куран окутуудан башка айласы калбаганын кошумчалады. Ошондой эле ал башка ата-энелерге бойго жете элек балдарын түнкүсүн көңүл ачуучу жайларга жебербей эле коюуга кеңеш берет.

Эске салсак, 28-октябрга караган түнү эс алып жүргөн үч уландын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийип, алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Шектелген эки жигит Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. 18 жаштагы биринчи шектүү №1 убактылуу кармоо жайына, экинчиси, 17 жаштагы улан Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин №14 абагына жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0