Жолдон чыгып, учуп барып имаратка тийди! Жарышка түшкөн кыз кырсыктаган видео

Жазылуу
Германиялык София Флершти ооруканага жеткиргенде эсин жоготкон эмес, ал эми жарышты кызыл желек менен токтотушкан.

Жашы толук жете элек германиялык София Флерш аттуу кыз Макао аймагында өткөн "Формула-3түн" гран-при этабында жүрөк үшүткөн кырсыкка туш болду.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Кыз айдап келе жаткан автоунаа жолдон чыгып, учуп барып имаратка тийип чачырап кеткен. Транспорт тосуп турган торду үзүп, коопсуздук рельсине түшүп калган.

Бывший профессиональный баскетболист США Майкл Джордан - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы эң көп киреше тапкан спортчуларды атады
 София Флершти ооруканага жеткиргенде эсин жоготкон эмес деп жазды Р-Спорт.

Motorsport.com кырсыктын кесепети үч көрүүчүгө жана эки сүрөтчүгө тийгендигин жазды.

Автокырсыктан кийин жарышты кызыл желек менен токтотушкан.

Маалыматта жарышка "Формула-1" жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахердин уулу Мик Шумахер катышкандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0