Жүрөк шуу дейт! Асманда аркан менен басып бара жаткан кишинин видеосу

Жазылуу
Маалыматта аркан 27 кабаттуу имараттардын ортосунда тартылгандыгы айтылат.

Санкт-Петербург шаарында Энгельс проспектисинде эркек киши көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна тартылган аркандан басып өткөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аска башына чыккан альпинистти мышык тосуп алган. Польшадагы окуянын видеосу
Видео интернет тармагына тараган. Анда киши бир нече ирет кулачудай болуп, карап турган кишинин жүрөгүн шуу дедиртет.

Бирок белине байланган аркан менен аман калып, кайра оңдонуп басып бара жаткандыгын көрүүгө болот.

Социалдык тармактагы жазууларга караганда, киши 27 кабаттуу имараттардын ортосунан баскан.

Ал эми жергиликтүү каналдардын бири бийик имараттарга чыгып жүргөн альпинист Александр Грибанов болушу мүмкүн экендигин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0