Бомба ташуучу учактын ферманын үстүнө кулаган учуру видеого тартылып калган

Жазылуу
Авиакырсыктын кесепетинен учкуч каза болуп, мындан сырткары 50 баш уй өлгөн.

YouTube каналында ViralHog деп катталган колдонуучу күбөнүн кокусунан тартып алган видеосун жүктөгөн.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын июль айында Висконсин штатынын Шебойган шаарынын жака-белиндеги айылдарда болгон. Бирок учактын кулаган учуру тартылып калган видео эми гана интернетке чыккан.

"Бомба ташуучу учак Шебойган округундагы аэропорттон учкандан кийин көп өтпөй эле кулаган. Пилот каза болуп, ферманын эки жумушчусу жаракат алган. Мындан сырткары, кырсыктын кесепетинен 50 баш уй өлгөн", — деп жазган видеонун автору.

Билдирмеге караганда, самолет 1952-1962-жылдары ВВС Британия Королдугунун куралдарынын катарында турган, окуя болгон күнү ал эл аралык авиашоуга бара жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0