Кыргызстандын сулуусу кантип аныкталды? Сынактын видеосу

Жазылуу
Кечээ борбордогу ресторандардын биринде "Мисс Кыргызстан — 2018" расмий сулуулар сынагынын финалы өттү.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана эл аралык бьюти-конкурстардын өкүлчүлүгү менен биргеликте тартууланды.

Финал конкурса красоты Мисс Кыргызстан — 2018 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Көз жоосун алган сүрөттөр
Таажы менен баш байге үчүн жети дубандан келген 25 кыз ат салышкан.

Жеңүүчү деп Жалал-Абадды атынан чыккан 21 жаштагы Элмара Буранбаева табылды. Ал таажыдан сырткары "Аалам сулуусу — 2019" бүткүл дүйнөлүк сынагына катышуу үчүн жолдомо алды.

Биринчи вице-мисс наамына Бегимай Ивакова, экинчи орунга Шахзода Балтабаева, үчүнчүгө Арууке Ниязбек кызы татыды.

Ушундай эле аталыштагы сынак бир жума мурда Рыскүл Намазбекова тарабынан уюштурулуп, анда 22 жаштагы Айжан Жеңишова биринчи орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0