Дүкөнгө куралчан кирген ууруну сатуучу швабра менен кууп чыкты. Видео

Жазылуу
Кол салган эки киши жергиликтүү тургундар экендиги аныкталып, буга чейин бир нече ирет уурулук жана алдамчылык боюнча айыпталганы белгилүү болгон.

Окуя Ставрополдо болгонун РИА Новости Ички иштер министрлигинин аталган аймак боюнча башкы башкармалыгына шилтеме берип жазды.

Ошто чөнтөкчү сотка уурдап келтек жеп кала жаздады. Соцэксперимент - Sputnik Кыргызстан
Ошто "чөнтөкчү" кол телефон уурдап, келтек жеп кала жаздады. Соцэксперимент
Мекеменин сайтына жүктөлгөн видеодон эркек киши дүкөнгө кирип келип сатуучуга тапанча такаганын, ал жооп катары швабра менен тап бергенин көрүүгө болот. Ууру качып жөнөгөндө аял чабам деп эшикке чейин кууп барган.

Кылмышка шектүү из жашырып кеткенге үлгүргөн.

Маалыматка ылайык, дүкөнгө кол салам деген эки адам буга чейин бир нече ирет уурулук жана алдамчылык боюнча айыпталганы аныкталып, жасаган ишин моюнга алышкан. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда биринен бет каптар менен пневматикалык тапанча табылган.

Кармалгандарга "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду, эми алар 10 жылга кесилиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0