Калифорнияда токойдон чыккан өрт шаардагы миңге чукул үйдү жок кылды. Видео

Жазылуу
Токойдон чыккан өрт Калифорния штатынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Парадайс шаарын жабыркатты. Тилсиз жоонун видеосу Sputnik Белоруссия агенттигине жарыяланган.

Өрт 8-ноябрь күнү, бейшембинин таңында чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча тилсиз жоо сегиз миң гектардан ашык аянтты каптаган.

Бишкекте кампадан чыккан өрттөн кийинки көрүнүш. Асмандан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кампадан чыккан өрттөн кийинки көрүнүш. Асмандан тартылган видео
Sputnik Белоруссия агенттигинин билдирүүсүндө, жергиликтүү бийлик шаардын 50 миңдей тургунун толугу менен эвакуациялады.

Алдын ала маалыматтар боюнча Парадайс шаарында миңге чукул турак үй өрттөнүп, бир нече адам каза болгон. Так саны аныктала элек.

Эске салсак, Американын аталган шаарында ушул жылдын жай мезгилинде дагы өрт чыгып, 500 үйдү жок кылган. Жаратылыш кырсыгынан 12 миң адам эвакуацияланып, 13 киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0