"Тайсон" атаандашын түртүп туруп, бакырды! WEFтин көз караштар таймашы

Жазылуу
Эртең, 10-ноябрда, Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында кыргызстандык WEF Global лигасы менен япониялык Arzalet FCG уюмунун биргелешкен эл аралык ММА турнири өтөт.

Бүгүн мушкерлер борбордогу маданий жайлардын биринде көз караштар таймашы менен маалымат жыйын өткөрдү.

Мелдештин алкагында 19 беттеш тартууланып, анын экөөндө чемпиондук кур ойнотулат. Өзбекстандык Нурсултан Рузибоев (77 кг) бразилиялык Маркос Соузага каршы наамын коргойт. Башында матч-мейкерлер Соуза менен кыргызстандык Актилек Жумабек уулу беттеше турганын айтып, кийинчерээк Жумабек уулу белгисиз себептерден улам октагонго чыкпай турган болгон.

Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченконун UFC уюмунда беттешчү атаандашы алмашып кетти
Ошондой эле чемпиондук наамын кыргызстандык Бакытбек Дүйшөбай уулу (61 кг) япониялык Рой Ямагучириого каршы коргомокчу.

Турнирдин эң кызыктуу беттеши деп "Тайсон" каймана аты бар Канат Келдибековдун (66 кг) россиялык Заур Касумов менен боло турчу жолугушуусун айтса болчудай.

Кыз-келиндер арасындагы жалгыз кармашты Барчынай Узгенбаева (61 кг) менен өзбекстандык Хамида Сабирова тартуулайт.

Кечени белгилүү америкалык ринг-анонсер Ленне Хардт менен Кайрат Мусаев тейлемекчи.

Мелдешке Орто Азия, Россия, Япония, Монголия жана Бразилиянын мушкерлери катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0