Жарым жылаңач сулуулардын баш байге талашып мушташып кете жаздаган видеосу

Жазылуу
Конкурста жабыр таркан кыз жеңүүчүнүн лентасын жулуп жаңжал чыгарган.

Окуя Бразилиядагы "Мисс Бум-Бум — 2018" сынагынын финалында болгон.

Видеодон Алина Ува аттуу катышуучу байгеге илинбей калганына ызаланып барып, жеңүүчү Эллен Сантананын лентасын жулуп алганын көрүүгө болот.

Девушка упала в обморок, узнав, что выиграла конкурс красоты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эси ооп жыгылды! Кыздын сулуулар сынагында жеңгенин уккандагы видеосу
Бийкеч анын жамбашы атаандашына караганда көрктүү жана нукура экендигин белгилеп, биринчи орунга татыктуу болчумун деген. Эллен лентаны кайтарып алганга аракет жасап, жаңжалдан кийин каршылашынын ордунда сабырдуу болмокмун деп айткан.

Сулуулар конкурсуна жалпысынан 27 кыз катышып, финалга 15 бийкеч өткөн.

"Мисс Бум-Бум" — Бразилиядагы белгилүү конкурстардын бири, ал феминисттик уюмдардын каршы чыкканына карабай жетинчи ирет катары менен өтүп жатат. 2015-жылдан бери сынакка жамбашына пластикалык операция жасатпаган, тагыраагы дене бою табиятынан келишимдүү кыздар катышат. Катышам дегендер сөзсүз түрдө ренгтен аппаратынан өтүп, тастыктама кагаз алышы шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0