Түшкө кирбеген акча! Казакстандык аткаминер пара менен кармалган видео

Жазылуу
Аткаминер 115 миң евро пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул сумма жең ичинен берүү максатында сүйлөшүлгөн деген 400 миң евронун бир бөлүгү экендиги айтылат.

Казакстандагы Маңгыс-Тоо облусунун акиминин орун басары Серик Амангалиев пара алып жатканда кармалганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазып чыкты. 

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды
Аткаминер 3-ноябрда кармалган.

Мамлекеттик кызмат жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин өкүлү Жанна Бастарованын айтымында, Амангалиев курулуш компаниянын 4,5 миллард теңге турган инвестордук долбоорун калкалоо, көз салып туруу максатында 115 миң евро пара алган. Долбоор мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашмак. Маалыматта бул сумма макулдашылган 400 миң евронун бир бөлүгү экендиги айтылат.

Актаунун адистештирилген соту Амангалиевди камакка алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0