Бишкекте кампадан чыккан өрттөн кийинки көрүнүш. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Жалын 900 чарчы метр аянтты жалмаган. Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча тактала элек.

Кечээ, 5-ноябрь күнү, саат 21.56да Элебесов көчөсүндө жайгашкан "Дениз Текстиль" кампасында өрт чыккан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Тушение пожара в двухэтажном здании на улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кийим-кече жана кездеме сакталган кампа толук күйүп кетти
Саат 23.29да өрт азайса, таңкы 05.10до толугу менен өчүрүлгөн. Аны өчүрүүгө ӨКМдин беш унаасы тартылган. Кырсыктын келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталып жатат.

Имараттын ичинде кандай буюмдар болгону талаш жаратууда. ӨКМ алгач алдын ала маалымат боюнча турак жай өрттөнүп жатканын маалымдаган, бирок кийинчерээк жалын кампаны жалмаганы белгилүү болду. Ал эми ЖМКлардын маалыматына караганда, кампада кездеме сакталган. Ал ортодо жергиликтүү тургундар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бул жер мурда дүкөн болгонун, бирок эки ай мурда ремонт жасалып ээлери мейманкана ачууну пландап жатышканын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0