Беймарал жүргөн апакай багыштар. Сейрек кездешкен жаныбарлардын видеосу

Жазылуу
Суктанткан эки жаныбардын жолду кесип, шашпай өтүп бара жаткандыгын көрүүгө болот.

Канада аймагында саякаттап жүргөндөр жол боюнан сейрек кездешкен ак багыштарды тартып алышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Суктанткан эки жаныбардын Онтарио провинциясында жолду кесип шашпай өтүп бара жаткандыгын көрүүгө болот.

"Кыязы, алар эне багыш менен баласы окшойт. Көздү кубанткан көрүнүш", — деп жазган видеонун автору Николь Леблан.

Саякатчылар багыштарды Фолейет шаарынан алыс эмес жерден жолуктургандыгын жазган.

Ролик интернетке кеңири тарап, суктангандардын көбү мындай жаныбарды биринчи ирет көрүп жаткандыктарын айтышкан. Ал эми аңчылар коомунун өкүлү апакай багыштарды атканга кол барбайт деген пикирлерин калтырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0