ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун маалымат жыйыны. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов саясий кеңештин аны партиядан чыгаруу тууралуу чечими боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө.

Эске салсак, кечээ, 31-октябрда, КСДПнын саясий кеңеши Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.

Ага депутаттын аракеттери партиянын Уставына, максаттарына туура келбегендиги себеп катары түшүндүрүлгөн.

Буга чейин Ысык-Көлдө өткөн "Атамбаевсиз КСДП" деген аталыштагы жыйынга Иса Өмүркулов катышканын партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0