Омскиде дүкөнгө келген келин кассанын алдында төрөп койду

Жазылуу
Россиянын Омск облусунун Называевский шаарында соода кылганы барган кош бойлуу келин дүкөндөн көз жарды.

Женщина родила 44 ребенка — первенец появился в 13 лет. Репортаж из Уганды - Sputnik Кыргызстан
44 бала төрөгөн. Угандалык аял тууралуу кызыктуу репортаж
Аялдын төрөт учуру дүкөндүн видео байкоосуна түшүп калган. Бул туурасында "Омск Информ" агенттиги жазды.

Андагы кызматкердин айтымында, келиндин төрөтүн кассир жана анын эки курбусу кабыл алган. Ымыркай дарыгерлер келгенге чейин эле жарыкка келген. Ага Иван деген ат коюлду.

Кийинчерээк бул 28 жаштагы аялдын алтынчы перзенти экени белгилүү болду. Андан мурунку баласын фельдшер жолдо баратып тез жардам унаасында төрөткөн экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0