Петербургда 8 адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыктын видеосу

Жазылуу
Жол кырсыгы Санкт-Петербург шаарынын Курортный районунда болгон.

Кечээ, 27-октябрда Санкт-Петербургда эки жүк ташуучу унаа менен Hyundai Starex үлгүсүндөгү минивэн кагышып, сегиз адам каза болду. Дагы бири ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгына таянып кабарлады.

Жол кырсыгы болжол менен Москва убактысы боюнча саат 18:00дө болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, трассада жанаша келе жаткан Iveсo жана Scania үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унаа сүзүшүп, Iveсo унаасы каршы тилкеге чыгып кетип минивэн менен кагышкан. Анын кесепетинен жүк ташуучу унаа жана кичи автобус өрттөнүп кеткен.

"Hyundai Starex үлгүсүндөгү минивэндин айдоочусу жана жети жүргүнчүсү кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Iveсo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу оор абалда ооруканага жаткырылган. Экинчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес", — деп жазылат билдирүүдө.

Катталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0