Аюу кишини мертинтип кое жаздады. Аял коркунучтуу учурду видеого тартып алган

Жазылуу
Канадада киши мамалакты кубалайм деп аз жерден аюунун чеңгелинде кала жаздады. Адам менен жырткычтын ортосундагы мамилени кожоюндун аялы видеого тартып алган.

The Daily Mail окуя Канаданын провинцияларынын биринде болгондугун жазды.

Арстан менен бет маңдай келгенде! Туристтерди аралап жүргөн жырткычтын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Арстан менен бет маңдай келгенде! Туристтерди аралап жүргөн жырткычтын видеосу
Үйдүн ээси Лоуренс Михалчук күтүүсүз келген конокторду мылтык менен коркутуп, кубалоону чечкен. Мамалактар качып кеткени менен алардын энеси кишини качырып сала берген. Чочуп кеткен кожоюн жырткычты бутка атканга жетишкен.

Окуянын андан ары кандай улангандыгы белгисиз болуп, караңгылык каптаган ирмемдерден кийин, кишинин күйүгүп чуркап киргенин көрүүгө болот.

Кишини кубалап жетпей калган аюу-эне токойду көздөй кирип кеткен.

Интернетке буга чейин аюуну сүрөткө тартам деп, кооптуулукка каблыган киши туурасындагы видео жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0