Колунан телефонун түшүрбөгөн кытайлык кыздын колу бүгүлбөй калган

Жазылуу
Ал эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин күнү бою телефонун колдон түшүрбөй карап, уктаар алдында гана столдун үстүнө коюп турган.

Кытайдын Чанша шаарынын тургуну бир жума бою телефонун колунан түшүрбөй, аны манжалары бүгүлбөй калгыча пайдаланган. Бул тууралуу AsiaOne басылмасы жазды.

iPhone кантип жарылып, жалындап күйдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
iPhone кантип жарылып, жалындап күйдү. Видео
Кыз эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин күнү бою телефонун колдон түшүрбөй карап, уктаар алдында гана столдун үстүнө коюп турган. Бир нече күндөн кийин анын сол колунун аты жогу бүгүлбөй калып, дарыгерге кайрылган. Алар жабырлануучу күн бою колун кыймылдатпай отура бергендиктен тарамыштары тырышып калганын ырастады.

Учурда кыздын колу калыбына келди, бирок дарыгерлер эгер мындан кийин да ушундай аракеттер улана берсе манжасы кайтадан тырышып калышы ыктымалдыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0