Кулаган эл, шуулдаган эскалатор. Рим метросундагы чочуткан видео

Жазылуу
Эскалатор менен ылдый түшүп келе жаткандар бири-биринин үстүнө боо-боо болуп жыгылып жаткандыгын көрүүгө болот.

Интернетте Рим метрополитениндеги эскалатордогу кырсык интернетке тарап кетти. Андан ЦСКАнын 30га чукул күйөрманы жабырланган.

Что может случиться, если оставить ребенка одного на эскалаторе — видео - Sputnik Кыргызстан
Эскалаторго кыпчылып калган наристе. Жүрөк түшүргөн видео
Буга чейин Repubblica басылмасы Олимпиада стадионуна кеткен жер алдындагы тармакта метро кырсыгы болгону жазылган. Шаршемби күнү Италиянын "Ром" командасы менен ЦСКА чемпиондор лигасынын алкагында беттешет.

Кадрга полотно тез-тез жүрүп жатканы тартылып калган. Анын кесепетинен эскалатор менен ылдый түшүп келе жаткандар биринин үстүнө бири боо-боо болуп жыгылып жаткандыгын көрүүгө болот.

Маалыматта бул кырсыктан жабырланган россиялык күйөрмандардын сегизи оор абалда экендиги айтылды. Ал эми 18 киши жеңил жаракат алып, аман-эсен калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0