Талкаланган унаалардын көрүстөнү. Милициянын үрөй учурган видеосу

Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар үчүн эскертүү иретинде ролик тартты.

Анда аталган башкармалык жол кырсыкка кабылып талкаланган автокөлүктөрдү көрсөткөн. Биринчисинде үйүлүп жаткан, талкаланган, майышкан, ийрейген техникалар көзгө урунат. Автоунаалар ал жерге автокырсыктан кийин түшкөнүн дароо баамдоого болот.

"Кезегинде бул машиналар кожоюндарынын кубанычы эле. Ал талкаланып эле жөн калбастан, өзү менен ээсинин өмүрүн кошо алып кеткен болушу мүмкүн", — дейт кадр сыртынан чыккан үн.

Оор үн темирди калыбына келтирүүгө болорун, бирок адамдын кыйылган өмүрүн кайра кайтарып келүүгө мүмкүн эместигин эске салат. Бул сөздөрдөн кийин көрүстөндөгү кадр айдоочу рулду колуна алгандан тарта өзүнүн гана эмес, башкалардын өмүрүнө да жооптуу болорун эскерткен жазууга өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0