Оңбогондой кулады! Циркте бийиктиктен учуп түшкөн гимнаст кыздын видеосу

Жазылуу
Интернет айдыңына циркте абада номер аткарып жатып, бийиктиктен учуп түшкөн кыздын видеосу тарады. Маалыматта кырсык Новокузнецк шаарында болгону кабарланган.

Окуяны тартып алган күбө аны YouTube каналына жайгаштырган. 

Празднование Национального дня в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы циркте көрүүчүлөрдүн көзүнчө жолборс арстанга кол салды. Видео
Ишемби күнү Бүткүл россиялык сынак-фестивалды көрүүгө келгендер жагымсыз окуянын күбөсү болгон. Красноярскилик "Ромашка" деп аталган топтун гимнасткасы элдин алдына чыккан. Жип менен абада акробатикалык номер аткарып жатканда, байланган мата чечилип кетип, ал бир нече метр бийиктиктен кулап түшкөн.

Видеодо кулаган кыздын кырсыктан соң кыймылсыз жаткандыгын көрүүгө болот.

Маалыматта ал шаардык оорукага жеткирилгендиги кабарланган. Ошондой эле кыздын колу сынгандыгы, калган дене мүчөсү аман-соо экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0