Анара Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекция кандай тосуп алды? Видео

Жазылуу
Анара Мамбеталиева бүгүн кайра мурдагы жумушу — Мамэкотехинспекцияга барып, расмий түрдө иштей баштады.

Инспекциянын маалымат катчысы ккесиптештерин кире бериштен тосуп алып учурашып жатты. Видеодо көрүнүп тургандай, айрым кесиптештери анын келишин чыдамсыздык менен күтүшкөндөй.

"Бүгүнтөн баштап расмий түрдө сүйүктүү жумушумда кайрадан иштей баштадым. Жумуштагылардын кээ бирин көптөн бери көрө элекке сагынып калыптырмын. Чындыгында мен ишимди абдан жакшы көрөм. Эми Мамэкотехинспекцияга тиешелүү бардык суроолор боюнча кайрыла берсеңиздер болот, эшигибиз ар дайым ачык", — деди Мамбеталиева.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин катчысы коомду дүрбөткөн 5 иш боюнча маалымат берди
Эске салсак, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева август айында инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыккан. Көп өтпөй ал кызматынан эч бир ишке орношо албай тургандай берене менен айдалган. Мамбеталиева "өмүрүмө коркунуч туулуп жатат" деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, инспекцияда коррупцияга тиешеси бар делген айрым адамдардын аты-жөнүн атап кеткен. Көп өтпөй өлкө башчы маалымат катчынын кайрылуусуна көңүл буруп, анын ишин иликтөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Ишти өз көзөмөлүнө алган Коопсуздук кеңеши Мамбеталиеванын кайрылуусу боюнча Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны текшерип, ал жакта коррупциялык иштер боюнча бир нече мыйзам бузууларды аныктаган.

Кийинчерээк Коопсуздук кеңеши Анара Мамбеталиева мыйзамсыз түрдө иштен алынганын аныктап чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0