Коляскадагы майып кыз унааларды "чийип" алды. Бишкектеги соцэксперимент

Жазылуу
Элдин жолдон өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, унаасын туура эмес жерге токтотуп койгон айдоочуларды эстеп көрүңүз. Биз алардын унаасын коляскадагы майып кыз капыстан чийип алса күнөөлөрүн сезишер бекен деп текшерип көрдүк.

Социалдык эксперименттин каарманы Айпери Аралбаева. Ал майып болгондуктан буга чейин коляскада отурчу. Азыр таяк менен басат. Каарман туура эмес жерге токтотулган унааларга "кечириңиз, сиздин унааңызды чийип алдым. Мага чалып коюңуз, чыгымын төлөп берем" деп жазылган кат таштап кетип жатты. Аныгында унааларда эч кандай чийин болгон эмес.

"Айдоочулар чийилген так жок болсо деле менден акча алат болду бекен деп кызыктым. Ошондой эле унааларын туура эмес жерге токтоткону үчүн өздөрү күнөөлүү экенин сезишеби деген суроо жаралды", — деди Аралбаева.

Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент - Sputnik Кыргызстан
Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент
Онго жакын унаага жогорудагыдай кат ташталды. Айдоочулардын көпчүлүгү эч кандай чийин табышпаганын айтып акча алуудан баш тартышты. Бирок эки айдоочу чийин жок болсо дагы каарманды "абайлабайсыңбы" деп жемеледи. Өзүн ЖАМКнын өкүлү катары тааныштырган аял милицияга чейин чаларын айтып, кийин кайра жоошуп калды.

Чынчылдык жагынан айдоочулардан көйгөй жаралбаганы менен, эстүүлүк жагынан алганда болгону бир гана айдоочу өзү күнөөлүү экенин моюндады. Аялдардын бири эртеси күнү да унаасын ошол эле жерге, болгондо да тротуарга токтотуп койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0