Таш-Көмүрдө КамАЗ 9 жылкыны коюп кетти. Кырсыктан кийинки видео

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, айдоочу жабыркаган эмес.

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында КамАЗ тогуз жылкыны коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, кырсык 15-октябрда болжол менен саат 4.00дөрдө болгон.

"Жылкынын арасында бир кулун бар экен. Жети жылкы ошол эле жерден өлдү, экөө кыйналып жатканынан мууздап салдык. КамАЗдын айдоочусу уйкусурап келе жатыптыр, ал жабыркаган жок. Маңдайкы терезеси талкаланып, бампери сыныптыр", — деди күбө.

Таш-Көмүр милициясы кырсык болгонун тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0