Путин Нурмагомедов менен жолугуп, жеңишине баа берди. Видео

Жазылуу
Нурмагомедов өлкө башчысына Макрегор экөөнүн беттеши учурундагы провокация тууралуу айтып берди.

Россия президенти Владимир Путин UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен жолугуп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Р-Спорт кабарлады.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Хабибдин Instagram баракчасына катталгандардын саны эки эсе өсүп, 12 млн. болду
Жолугушуу "Россия — спортивная держава" форумунан кийин өтүп, ага спортчунун атасы Абдулманап Нурмагомедов да катышкан.

Эске салсак, россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Мушкер менен көрүшкөндө эле Путин аны жеңиши менен куттуктап, андан соң тамаша иретинде спортчуга "беттештен кийинки ызы-чуу үчүн атаңыздан сизди катуу жазалабаңыз деп өтүнөйүн" деди.

"Беттештин жүрүшүнө көз салып, сизге жан тартып турдук. Атаңызды сизди катуу жазалабаңыз деп суранам, анткени башкысы тапшырманы аткарып, жеңишке ишенимдүү жана татыктуу жеттиңиз. Баарыбыз чоң бир үй-бүлөбүз. Албетте чектен ашкан болбойт, бирок ошого жеткирсе сиз эле эмес биз деле секирип кетишибиз мүмкүн. Андан көрө буга жеткирбесин", — деди Путин.

Чествование Хабиба Нурмагомедова в Махачкале - Sputnik Кыргызстан
Нурмагомедов Дана Уайттын унаасын талкалайм деп "коркутту"
Өлкө башчы менен сүйлөшүп жатып, Нурмагомедов чагымчылык тууралуу айтып берди.

"Мен жакшы эле карманып жаткам, бирок айрым учурларда өзүмдү көзөмөлдөй албай калып жаттым. Беттеш учурунда да чагымчылык уланып жатты. Сот биз тарапка туура чечим чыгарат деген үмүттөмүн", — деди Хабиб.

Путин болсо провокация атайын спортчуну өзүнөн чыгаруу үчүн жасалганын айтып, Россия анын баарын түшүнүп турганын баса белгиледи. Өлкө башчы кырдаал оңунан чечилерин айтып, соңунда Нурмагомедовго ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0