04:44 15 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Видео

Бишкекте мындай башаламандык болгон эмес! Хабибдин ызаланган жардамчысы

Кыскача шилтеме алуу
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (37)
3104 0 0

Стадиондогу башаламандыкка ызаланган Хабибдин жардамчысы мушкердин бишкектик күйөрмандарын үлгү катары мисал кылды.

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы күйөрмандары менен "Анжи" футбол клубунун стадионунда жолугушту. Ал күйөрмандарынын алдына чемпиондук куру менен чыкты.

Видеодон топтолгондор "артка жылгыла" дегенге карабай сахнаны көздөй жутунуп жатканын көрүүгө болот. Буга ызаланган Хабибдин жардамчысы, мушкердин бишкектик күйөрмандарын үлгү катары мисал кылды.

"3-4 ай мурда биз Хабиб Нурмагомедов менен Кыргызстанда Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөнбүз. Ал иш-чарага 20 миң адам келген. Бирок ал жакта бул жердегидей башаламандык болгон эмес! Келгиле өзүбүздүн жердешибизге урмат-сый көрсөтөлү", — деди мушкердин жардамчысы.

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун Лас-Вегаста өткөн турниринде Макгрегорго муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жеткен.

Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (37)

Тема боюнча

Хабибдин атасы: уулумду UFC уюмунан да катуу жазалайм
Отургучтар ыргып... Хабиб менен Конордун күйөрман кыздары мушташкан видео
Конор Хабибдин жаңжалга катышкан балдарына каршы арыз жазуудан баш тартты
Хабиб Instagram баракчасына жеңиштен кийин алгачкы билдирүүсүн жазды
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, Дагестан, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ