Шлем кийген жигиттер, булгаары шымчан кыздар. Бишкекте мотосезон жабылды

Жазылуу
Бишкекте 2018-жылдагы мотосезондун жабылышы салтанаттуу түрдө өттү.

Анда 200дөн ашуун байкер ар кандай үлгүдөгү мотоциклдерди айдап жүрүшкө чыкты.

21-апрель күнү мотосезондун расмий ачылышы болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги мотоциклчендер парады. Кан басымды көтөргөн сүрөттөр
Уюштуруучулардын бири, Мотоцикилсттер коомунун вице-президенти Рамис Гариевдин айтымында, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан да байкерлер келген.

Алар 7-Апрель көчөсүнөн баштап Түштүк магистраль менен жүрүп Чыңгыз Айтматов простпектиси менен Чүйгө түшүп "Ала-Тоо" аянтына келишти. Андан ары Байтик баатыр көчөсү менен "Перцы" мото барына кетишти.

Кыргызстанда Мотосезон апрель айында ачылып, октябрда расмий жабылат. Мындай жүрүштөр жыл сайын өткөрүлүп салтка айланып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0