ЖК депутаты курулушуна каршы чыккан сквердин көрүнүшү. Видео

Жазылуу
Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде, Башкы прокуратуранын эски имаратынын ордуна курула турган сквердин долбоорунун видеосун жарыялады.

Жердин жалпы аянты 0,4130 гектарды түзөт.

Алгач өрттөнгөн имарат түрттүрүлөт. Сквердин жер алдындагы бөлүгүндө унаа токтотуучу жай жайгаштырылмакчы.

Бирок бул демилгеге Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов каршы чыкты. Анын айтымында, сунуш аталган аймакта жайгашкан кафе менен ресторандардын кызыкчылыгын көздөйт.

"Шаардын борборунда 42 сотых жер жок. Бул айрым бирөөлөрдүн кызыкчылыгы экени көрүнүп турбайбы", — деди эл өкүлү.

Депутат Түлөбаевдин видеосунун алдына да өз пикирин калтырган.

Мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Суракматов элдин өтүнүчүн угуп, эски скверди калыбына келтирмей болду
"Балбак байке, абдан жакшы, 42 сотых жердеги эмне болгон парк? Сиздер Орозбеков көчөсүн жаап, ошол жактагы кафелерге шарт түзүп жатасыздар. Баарыбыз билебиз, ал кафелердин бир гана ээси бар. Парк болгондон кийин ал көчөдөгү имараттардын баасы 10 эсе кымбаттайт. Бирөөнүн лоббиси болуп аткандай көрүнүп жатат", — деди Жамангулов.

Башка колдонуучулар сквер боюнча демилгени ким көтөрүп жатканына кызыккан. Жамангулов аталган райондогу көңүл ачуучу жерлердин баары мурунку депутат Жаныш Кудайбергеновго таандык экенин, ал мэр Азиз Суракматовдун жакын тууганы экенин айтып жооп жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0