Бетимди тытканда жиним келди. Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочунун сурагы

Жазылуу
Маршруткада бараткан аялга атырылып, сөгүнгөн айдоочу милицияга сурак берди.

Айдоочунун кечээ, 3-октябрда, кечке жуук кармалганын Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлаган. Анын унаасы айып коргоого киргизилип, өзү Москва райондук милиция бөлүмүнө алып келинген.

Айдоочу өз көрсөтмөсүндө жүргүнчү аял чуу салганына жини келип өзүн кармай албай калганын айткан.

"Окуя 1-октябрда саат 11.30дар чамасында болду. Кара-Балтадан Бишкекке келе жатып Александровка айылына жеткенде радиом иштеп калды. Анан жанагы аял "Катуу айдабайсыңбы! "Тумар" радиосун койбойсуңбу? Кыргызча радио койбойсуңбу?!" деди. "Менде тарткан радио ушул" деп жооп бердим. Анан ал маршруткадан түшө турганын айтты. Жол киреге эки кишиге деп 100 сом алгам. Келген жерин эсептеп 20 сом кайтарып бердим. Александровкага 40 сом менен келет да негизи. Ал 50 сом берүүнү талап кылганда бербей тырышып туруп алдым. Анан ал бетиме асылып, тытып алды. Мындан улам токтоно албай жиним келип кетти", — деп айткан ал.

Улгайган кишини чаап-тепкен айдоочу: кылганыма өкүнөм, бирок өзү ошого жеткирди - Sputnik Кыргызстан
Улгайган кишини чаап-тепкен айдоочу: кылганыма өкүнөм, бирок өзү ошого жеткирди
Аягында айдоочу жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, экинчи мындай иштерге барбай турганын убадалады.

Белгилей кетсек, Бишкек — Кара–Балта жолу боюнча каттаган №302 маршруткада болгон жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тараган. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу "Хост" ЖЧКсында иштеген 58 жаштагы К.К аттуу Бишкек шаарынын тургуну экенин тастыктады. Бул боюнча тийиштүү материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Кадрдан маршрутканын ичинде музыка катуу жаңырып, ошол эле учурда жаш балдардын ыйлап жатканын көрүүгө болот. Башында жүргүнчү аял менен айдоочу айтышып жаткан. Алардын урушу күч алып, айдоочу унаасын токтото калып сөгүнүп-сагынып, аялга кол көтөргөнгө чейин барганда жанындагы эркек кишилер кармап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0