Учак жүргүнчүлөрүнүн баштыктарын ушинтип жүктөштү. Соцтармакты чуу кылган видео

Жазылуу
Гонконг эл аралык аэропортунан баштыктарды ыргытып жаткан жүктөгүчтөрдүн видеосу социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

Домодедово аэропортунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москванын "Домодедово" аэропортунда жүктөрдү роботтор тейлемей болду
37 секундалык ролик дем алыш күнү жарыяланып, 6 миллиондон ашык жолу каралды.

Видеодо олбурлуу эки киши учактан түшүрүлүп жаткан баштыктарды атайын унаага катуу ыргытып жатканын көрүүгө болот.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча, баштыктарынын ыргытылып жатканын көргөн жүргүнчүлөр бир чети таң калып, бир чети жиндери келген. Айрым колдонуучулар жүктөгүч кишилерди "жалкоолор" деп аташкан.

Кийин компания аталган кызматкерлер иштен алынганын айтып, жүргүнчүлөрдөн кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0