Бишкектеги жол кырсыктан 10 жашар кыз жана эки чоң киши жабыркады. Окуянын видеосу

Жазылуу
Бишкекте жол тандабас менен жеңил автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигин билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Абсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун тастыктады.

Анын кесепетинен 10 жашар кыздын мээси чайкалган. Ошондой эле 39 жаштагы аял менен 38 жаштагы эркек киши да түрдүү жаракаттарды алган. Алардын бардыгы тең ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0