Жээнбеков менен Путин Душанбеде жолукту. Видео

Жазылуу
Владимир Путин эки мамлекет ортосунда товар айлануунун көлөмү өскөнүн белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттер Душанбе шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин кеңешинин саммитинде жолугушкан.

Заседание Совета Глав государств СНГ в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Душанбеде КМШ мамлекеттеринин башчылары менен. Сүрөт
Жээнбеков менен Путин Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун келечегин, КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУнун алкагында биргеликте ишке ашыра турчу долбоорлор тууралуу пикир алышты.

Жээнбеков Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү арттырууга абдан маани бере турганын белгиледи.

Өз кезегинде Путин эки тараптуу кызматташуу жакшы жолго коюлуп, мурдагы жолугушууларда макулдашылган пландар ишке ашып жатканын айтты.

Президенттер ошондой эле эки мамлекеттин тийиштүү органдарына Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапарын утурлай маанилүү маселелерди иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0