Фокус көрүп, боору калбай күлгөн маймылдын видеосу соцтармакты да күлкүгө салды

Жазылуу
Зоопаркка келген киши маймылга жөнөкөй эле фокус көрсөтүп койгон. Маймылдын кылыгы миңдеген интернет колдонуучуларын күлкүгө салган.

Зоопаркка келген адам маймыл турган айнектин түбүнө келип бош стаканга жемиш салып анын капкагын жаап койгон. Андан соң ал идишти аралаштырып, акырын маймылга көрсөтпөй жемишти ыргытып жиберип кайра ага идишти көрсөткөн.

Стакан бош экенин көргөн маймыл башында бир саамга ойлонуп туруп анын чалкасынан жатып алып каткырып күлгөн. Шимпанзенин реакциясын көргөн зоопаркка келгендер да күлүшкөн.

Үч жылдын ичинде бул видеону 31,5 миллион киши көрүп, 445 миң "жакты" деген белги басылып, 12 миң адам пикирин калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0