Олжосун оозунан коё бербеген илбирс 120 метрлик бийиктиктен кулап, аман калды

Жазылуу
Гималай тоолорунда саякатчылар илбирстин бхарал жаныбарына кылган адаттан тыш аңчылыгына күбө болушту.

Ичиркенесиң! Грециядагы пляждын жээгин жөргөмүштөр желе менен чырмап салды - Sputnik Кыргызстан
Ичиркенесиң! Грециядагы пляждын жээгин жөргөмүштөр желе менен чырмап салды
The Daily Mail басылмасынын жазышынча жапайы жаратылышты сүйүүчү индиялык Кирти Раджан Наяк ак илбирстин аңчылыгын видеого тартканга жетишип калган.

Андан олжосун кууп жетип, 120 метр бийиктиктен аны тиштеген бойдон таштан-ташка урунуп кулап түшкөн илбирстин видеосун көрүүгө болот. Аны тартып алган автордун ырасташынча, илбирс эч нерсе болгон эмес.

Бул видео социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн буруп, көп каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0