Ыйлагың келет! Ноокат районундагы урайын деп калган мектептин видеосу

Жазылуу
"Агарт" мектеби 1930-жылдары ачылып, анда ошол аймакта жашаган малчылардын балдары билим алган.

Социалдык тармактарга Ош облусунун Ноокат районундагы "Агарт" башталгыч мектеби тууралуу үрөй учурган видео тарады.

Автордун айтып жатканына караганда, видео ушул жылдын 21-сентябрь күнү Жаңы- Ноокат айыл аймагында тартылган. Кадрлардан эскилиги жетип, урайын деп калган үйдү мектепке айландырып, бир бөлмөсүнө доска жана 4-5 парта коюп алышканын көрүүгө болот.

Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Оштогу орус мектептерде бир класста 60тан бала окуп жатат
Бул мектептин мугалими деп айтылган аял айылда 31 түтүн жашаарын, азыр мектепке 14 бала келип жатканын айтты. Автордун "бул жерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси келди беле?" деген суроосуна "бир жылдан бери иштеп жатабыз. Эч ким келе элек" деп жооп берди мугалим.

Ошондой эле мектепте электр жарыгы жок экенине карабай, балдар кышында да окуй турганы айтылат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Осмоналы Көчкөнбаевге кайрылганда, ал аталган мектептин абалы менен таанышуу үчүн жолдо бара жатканын айтты.

"Ал айылда илгери малчылар көп жашагандыктан, 1930-жылы мектеп ачылыптыр. Ошондон бери улам ачылып-жабылын отуруп, 2008-жылы кайра иштей баштаган. Анда мектепте 30 бала окуп, 3 мугалим иштеген. Былтыр 12 бала менен бир мугалим иштеп жаткан. Быйыл 5-6 эле бала калгандыктан, башка мектептерге которуу каралып жатат деген маалымат түшкөн. Азыр абалды билүү үчүн ал жакка кетип бара жатабыз", — деди Көчкөнбаев.

Нарын облусунун Нарын районундагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектеп техникалык коопсуздук талаптарын бузуу менен салынгандыктан, жарака кетип урап калуу коркунучунда турат - Sputnik Кыргызстан
Нарында жети жыл мурда салынган мектеп урап калуу коркунучунда турат. Сүрөт
Мындан тышкары, адис бул айыл райондун борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, жолу абдан катаал болгондуктан, учурда он-чакты гана түтүн жашаарын кошумчалады.

Ал эми КРдин Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда "Агарт" мектеби боюнча тараган маалымат чындыкка туура келбейт деген билдирүү таратты. Ведомстводон айтышкандай, мектеп былтыркы окуу жылында жабылып, быйыл 1-класска барчу жалгыз бала жакын жердеги башка мектепке жиберилген. Ал эми жалгыз мугалимди жумушка орноштуруу боюнча райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0