Гайпкулов: Оштогу орус мектептердин көйгөйүн чечүү керек

Жазылуу
Депутат Искандер Гайпкулов Ош облусундагы орус тилдүү мектептерде бир класста 60тан бала окуп жатканын айтты.

Ошол эле учурда кыргыз, өзбек мектептеринде бир класста 15-20 гана окуучу бар экенин билдирди.

"Араван районунда Навои атындагы жалгыз орус мектеп бар. Ал жакка райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн окуучулар келип окушат. Бул мектепке 50-жылдардан бери бир да кошумча корпус курулган эмес. Бүгүнкү күндө ар бир класста 45-50гө чейин окуучу окуп жатат", — деди депутат.

Андыктан аталган мектепке кошумча корпус куруу боюнча 2019-жылдын бюджетине киргизип, капиталдык курулуш агенттиги менен билим берүү министрлигине тапшырма берүү керектигин белгиледи.

Министр образования и науки КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Министр: туура эмес саясаттын айынын мектептер таңууланган жерге салынган
Эл өкүлү ошондой эле Ош шаарында алты орус мектеп болсо ар бир класста 60тан бала окуп жатканын билдирди.

"Балдар көп экенин министр барганда дагы көргөн. Бир партада үчтөн окуучу отурат. Ошол эле учурда кыргыз, өзбек мектептерде бир класста 15-20дан бала окуп жатат", — деди Гайпкулов.

Депутат бул көйгөйдү тез аранын ичинде чечүү керектигин өкмөттөн суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0