Ичиркенесиң! Грециядагы пляждын жээгин жөргөмүштөр желе менен чырмап салды

Жазылуу
Бул жөргөмүштөрдүн түрү суук болгону менен адамга зыяны жок экени айтылууда.

Грециянын Этолико шаарындагы пляжда таң калыштуу окуя болду. Жөргөмүштөр жээктеги өсүмдүк, бак-дарактардын соо жерин калтырбай желе менен чырмап салган.

Отдых москвичей на пляже в Строгинской пойме - Sputnik Кыргызстан
Калифорния: жээктеги суу ысып балыктар кырылып калды
Укмуштуу бул көрүнүш боюнча S.P.I.C.E илимий долбооруна шилтеме берип Sputnik Казактан агенттиги жазды.

Адистер бул окуяны аймакта чымын-чиркейдин көбөйүп кетиши менен түшүндүрүштү. Бирок мында тамак издеп келген жөргөмүштөр жакында өздөрү бирөөгө жем болуп калышы мүмкүн. Анткени жөргөмүш менен тамактанган чымчыктар, мындай учурду көз жаздымда калтырбайт.

Маалыматка караганда, булардын көрүнүшү жагымсыз болгону менен адамга зыяны жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0