Каракол: күбө алоолонуп күйүп жаткан "Ак-Тилек" базарын видеого тартып алган

Жазылуу
Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын алоолонуп күйүп жаткан учурун күбөлөр видеого тартып алган. Ал кадрларды Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу жиберишти.

Пожар на рынке Каракола - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү акыркы үч өрткө криминалдык чөйрөнүн тиешеси барбы? ИИМдин жообу
17-сентябрда түнкү саат 22.35тер чамасында калаанын борбордук базарында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган. ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаевдин айтымында, кырсыктан 15ге чукул контейнер күйгөн.

Ал эми базардын жеке ишкерлер профсоюзунун төрайымы Атыр Сарыбаева ошол жерде иштегендер өрт электр зымдары тийишип, андан соң баллондор жарылганын айтып беришкенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да өрттүн келип чыгышынын болжолдуу себеби "электр зымдарынын тийишүүсү" деп каралып жатканын маалымдады.

Кырсык болгон жерге эртең менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев келип ишкерлер менен жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0